Без рубрики

Кырсыкка кабылган тик учактан 41 жүргүнчү каза болду

Москванын Шеремеьтево аэропортуна коно албай өрттөнүп кеткен тик учактагы жүргүнчүлөрдүн 41и каза болду.

Москва-Мурманск каттамы боюнча абага көтөрүлгөн тик учак негедир кайра эле Шереметьева аэропортуна кайтып келген. Жерге түшөөрдө жакшы коно албай койгон тик учактын мурду жагы жерге катуу тийип, ошол замат өрттөнүп кеткен.
Кырсыктан жалпы 78 адамдын 41и каза болгон. Алардын бирөөсү экипаж кызматкери экендиги айтылды.

Орусиянын саламаттыкты сактоо министри Вероника Скворцова билдиргендей, аман калган 37 адамдын төртөө экипаж кызматкери. Жалпысынан 19 адамга медициналык жардам көрсөтүлүп, 5 жүргүнчү ооруканага жеткирилген. Ал эми учактын командири Денис Евдокимовдун айтымында, кырсыктын болушуна учакка тийген чагылган себеп болгон.

«Жаңыдан абага көтөрүлгөндө учакка чагылган тийди. Мындан улам радио байланыш системи жарактан чыкты. Эрежеге ылайык, дароо учакты авариялык башкарууга өттүк. Өрт жерге конгондон кийин чыкты. Эмнеге андай болгонун түшүнбөй турам. Анткени учакты катуу ылдамдыкта кондурган эмеспиз», -деп билдирди учкуч.

Кырсык, 5-май күнү түнкү сааттарда болгон. Шереметьево аэропортунан Москва-Мурманск каттамы боюнча учкан учак абага көтөрүлгөндөн кийин 28 мүнөттөн соң авариялык сигнал берип, кайра жерге конууга аргасыз болгон.

Мурманск областынын губернатору Андрей Чибис 3 күндүк аза күтүүнү жарыялады. Анын айтымында, кырсыкта жакындарын жоготкондорго 1 миллион рубльден, ал эми ооруканага жеткирилгендерге 500 000 рубльден моралдык чыгым төлөнүп берилет.

Орусиянын Тергөө комитети Россиянын Кылмыш кодексинин негизинде кылмыш ишин козгоду деп билдирет россиялык басылмалар.