Без рубрики

Лейлек районунун жашоочулары Сумбула-Исфана жолун жаап салышты

Кечээ 3-июнь күнү түштөн кийинки саат 15:00дөрдө Лейлек районунун Сумбула айыл өкмөтүнүн Искра айылынын жашоочулары Сумбула айылынан Исфанага кеткен жолду тосуп коюшкан. Бул туурасында SMI.KG редакциясына Андарак айылынын тургуну Назиржан Таиров билдирди.

Анын айтымында 3-июнь күнү Искра айылынын тургундары Сумбула айыл өкмөтүндө суу көйгөйүн сүйлөшүү үчүн чогулушкан. Эки тарап келише албагандыктан түштөн кийинки саат 15:00дөрдө Искра айылынын жашоочулары Сумбула айыл өкмөтүнөн Исфанага кеткен жалгыз жолду бууп ташташкан.

Айылдыктардын негизги талабы, Андарак айылындагы 49 жылга ижарага берилген токой чарбасына мурда айтылгандай дарактар эмес эле минералдык азыктар колдонулуп картошка менен сабиз эгилип баштаган. Ал химикаттын калдыктары суу сактагычка түшүп калуу коркунучу турганын айткан айылдыктар суунун башына үй салып алган жаранды башка жакка көчүрүү талабын коюшкан.

Айылдыктардын бул кылыгын териштирүү максатында Лейлек районунун акиминин орун басары, прокурордун, ички иштер бөлүмүнүн жана УКМКнын Лейлек райондук бөлүмүнүн башчыларынын орун басарлары барышкан. Түшүндүрүү иштеринен майнап чыкпаган соң, бүгүн эртең менен ал жерге Өкмөттүн Баткен областындагы өкүлүнүн биринчи орун басары Жылдызбек Исакулов барып эл менен жолуккан.

“Сумбула айыл өкмөтү 4 айылдан турат. Биздин Андарак айылы баарынан жогору, тоо жакта жайгашканбыз.Бизден 2 километр ылдыйыраак Искра айылы турат. Андан сырткары Коммуна жана Көк-Таш айылдары бар. Кечээ түштөн кийин биз Искра айылынын жашоочулары менен сүйлөшүүгө барып келдик. Алар суу сактагычта жайгашкан үйдү бузуп, башка жакка көчүргүлө деген талапты коюшту” деп билдирди SMI.KG редакциясына Назиржан Таиров.

Ал берген маалыматка ылайык Андарак айылындагы суунун башында жашаган үй-бүлөнүн ээси 39 жаштагы жаран.Анын 5 баласы бар. Искралыктардын талабына жооп катары ал дагы бийликке жер бөлүп берүү, ага үй салып берүү талабын койгон. Анткени, бул үй-бүлө аталган жерде 20 жылдан бери жашайт жана чоң там салып, бала-чакасы көптүгүнө байланыштуу турак жайды кеңейтип, жакында эле ремонт жасаган.

Искралыктар жаап салган Сумибула-Исфана жолуна барган губернатордун орун басары Жылдызбек Исакулов Исфана шаарынын мэри үйүн бузганга макулдук берген жаранга 6 сотик жер бөлүп берээрин убада кылды дейт Назиржан Таиров. Ал кабарды уккан соң бул үй-бүлө ээси тамды бузууга макулдугун бергени маалымдалды.
“Биз азыр суу сактагычта жашаган үй-бүлөнүн тамын бузуп жатабыз. Жолду жаап таштагандар жолду ача элек. Үйдүн 50 пайызы бузулганда гана ачабыз деп айтышты. Үйдү этияттык менен кылдат бузушубуз керек. Анткени курулуш материалдарын бүтүндөй алып чыгып берсек жаңы көчүп барган жеринде аларды пайдаланышат да” деди Назиржан Таиров.

Анын айтымында Андарак айылында 8 миңден ашык тургун жашайт. Айылдыктар тажик улутунда болгону менен Кыргызстандын жарандары.

“Андаракта эки орто билим берүүчү мектеп бар. Көп жылдан бери тажик тилинде билим алып келген болсок, эми кыргыз тилдүу класстар ачылган. 2 бала-бакчабызда да кыргыз тилдүү тайпалар бар. Мугалимдер менен тарбиячыларды Искра айылынан чакырып келгенбиз” деди НазиржанТаиров.

Эске салсак, 3-июнь күнү түштөн кийин саат 15:00дөрдө Лейлек районунун Сумбула айыл өкмөтүнүн Искра айылынын тургундары Сумбула-Исфана жолун жаап ташташкан. Алар Андарак айылында жайгашкан суу сактагычтын аймагында жашаган үй-бүлөнү башка жакка көчүрүү талабын коюшкан.

Массалык маалымат каражттарында Лейлек районунун токой чарбасы Андарак айылынын жашоочуларына 5 гектар жерди 49 жылга ижарага берүү чечимин 20 жыл мурун кабыл алганы туурасында маалыматтар айтылууда. Расмий документтерде ал жерлерге айыл-чарба өсүмдүктөрү жана дарактар эгилиши керек эле. Бирок, чындыгында минералдык заттар колдонулуп картошка менен сабиз эгилип жатканына нааразы болгон эл химикаттардын калдыгы суу сактагычка түшүп жатат деген коркунуч менен жолду жаап салышкан. Искарылктардын айтымында ал суу менен ылдыйда жашаган айылдыктар тамаркаларын сугарышат.