Без рубрики

МАИ кызматкерлери кыз ала качып бара жаткан жигиттерди кармашты

Жол коопсуздугу кыймылынын кызматкерлери зордоп ала качып бара жаткан кызды куткарып калышты. Бул туурасында Чүй облсутук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди

Маалыматта белгилегендей, 23-март күнү Бишкектеги Жибек-Жолу-Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде 7 жигит автомашинага ЖОЖдун 2-курсунун студентин зордоп салып,Таласты көздөй ала качып бара жаткан жеринен Жол коопсуздугу кызматынын кызматкерлери токтотушкан. Бул учурда алар Бишкек-Ош жолунун 80-километринде иш учурунда болушкан.

Машине уурдалгандыгы боюнча маалымат түшкөндүктөн Жол коопсуздугун камсыз кылган кызматкерлер «Хонда Степвагон» машинеси өтүп бара жатканда токтотушкан.

Ошол учурда машинеде кыз жардамга чакырып кыйкырып жиберген. Инспекторлор дароо эле машинени токтотуп, ачкычын алып, машинеге тийиштүү документтерди алып, сурай башташкан. Машинедеги балдар кызды бербей, каршылык көрсөтүшкөндө, Жайыл райондук Ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тобун чакырышкан.

«Учурда кыз милицияга арыз жазды»-деп белгилешти басма сөз кызматынан.