Без рубрики

Май айына карата Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдын ала божомолу

Кыргызстандын аймагында 2019-жылдын май айында күтүлгөн абанын температурасынын жана жаан-чачындын көлөмүнүн аномалиясынын болжолдоосу

ЧҮЙ ОБЛУСУНУН ДЫЙКАНЧЫЛЫК АЙМАКТАРЫНДА
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…2º жогору болуп, 17…19° жылуу, Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо 12…14° жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 6…11° жылуулуктан12…17° жылуулукка чейин, күндүз 18…23° жылуулуктан 25…30° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1…6°жылуулуктан7…12° жылуулукка чейин, абанын күндүзгү температурасы 15…20° жылуулуктан 23…28° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлөт (Чүй өрөөнүндө 53-73 мм, тоо этектериндеги райондордо 89-91 мм).
ТАЛАС ОБЛУСУНУН ДЫЙКАНЧЫЛЫК АЙМАКТАРЫНДА
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…2º жогору болуп, 15…17° жылуу болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 3…8° жылуулуктан9…14° жылуулукка чейин, абанын күндүзгү температурасы17…22° жылуулуктан 24…29° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлөт (44-50 мм).
ОШ, ЖАЛАЛ-АБАД ЖАНА БАТКЕН ОБЛУСТАРЫНЫН ДЫЙКАНЧЫЛЫК АЙМАКТАРЫНДА
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп 17…19°, тоо этектериндеги райондордо 14…16° жылуу болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 6…11° жылуулуктан12…17° жылуулукка чейин, күндүз 19…24° жылуулуктан 26…31° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 4…9° жылуулуктан10…15° жылуулукка чейин өзгөрүлүп, абанын күндүзгү температурасы 15…20° жылуулуктан 23…28° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү өрөөндөрдө нормага жакын, тоо этектериндеги райондордо нормадан арбын болушу күтүлөт (35-82 мм, тоо этектериндеги райондордо 53-155 мм).
ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУНУН ДЫЙКАНЧЫЛЫК АЙМАКТАРЫНДА
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, 11…13° жылуу болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын түнкү температурасы 2…7º жылуу тегерегинде болуп, абанын күндүзгү температурасы 9…14° жылуулуктан 16…21° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (26-37 мм, чыгышында 37-80 мм).
НАРЫН ОБЛУСУНУН ДЫЙКАНЧЫЛЫК АЙМАКТАРЫНДА
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп 11…13º жылуу болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын түнкү абанын 3…8° жылуу тегерегинде болуп, кээ бир күндөрдө түнкүсүн жана эртең менен Ат-Башы районунда 0…-2° жеткен үшүк жүрүшү мүмкүн (үшүк жүрүшү ыктымалы 40-60% түзөт), абанын күндүзгү температурасы 13…18° жылуулуктан 21…26° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлөт (28-53 мм)
ЖАЙЫТТАР ЗОНАСЫ. АЛАЙ ӨРӨӨНҮ.
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп 2…4º жылуу болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын түнкү температурасы 0…-5° суук, абанын күндүзгү температурасы -2…7° жылуулуктан, 10…15º жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлөт (62-64 мм).
СУУСАМЫР ӨРӨӨНҮ
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, 7…9° жылуу болушу күтүлөт.
Абанын температурасы ай ичинде түнкүсүн 0…-5° сууктан, 1…6° жылуулукка чейин, күндүз 13…18° жылуулуктан 20…25° жылуулукка чейинөзгөрүлүп турушу күтүлөт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (39-41 мм).