Без рубрики

Машинеге сүйрөлгөн 9 жашар бала

BMW үлгүсүндөгү машинеге “тарбиялоо” максатында 9 жашар баланы байлап алып сүйрөгөн окуя боюнча милиция кызматкерлерине өткөн ишемби күнү маалымат келип түшкөн. Бул окуя 27-апрель куну таң атпай “Алтына казык” жаңы конушунда болгон. Баланы ур-токмокко алып жатканы жөнүндө маалымат такталып, машине баланы 20 метр сүйрөгөндүгү маалым болду.  

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, кошуналардан тактап сурашканда, таңкы 8:00 чамасында 2010-жылкы төрөлгөн баланы бир тууган таякеси 1986-жылы төрөлгөн Б.С. аттуу жаран  «тарбиялоо» максатында эки колун машинеге байлап, 20 метр сүйрөгөн. Себебин, өспүрүм таянеснин үйүнөн акча уурдаганда таякеси кармап алгандыгы менен түшүндүргөн. 

Жараат алган баланы милиция кызматкерлери 3-балдар ооруканасына алып барышкан. Дарыгерлер баланы көрүп,ден-соолугун текшерген соң нейрохирургия бөлүмүнө жаткырышкан.

Баланын апасы Россияда эмгек мигранты экени белгилүү болду.

Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, балага кордук көрсөттү деп шектелген жаран камакка киргизилди.