Кара-Суу районунда өткөн Исмаил Матраимовдун элесине арналган иш-чара коомчулукта кызуу талкууга алынды.
Ош облусунун Кара-Суу районунда өткөн иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов менен эл арасында «Райым миллион» атка конгон Райымбек Матраимовдон тышкары вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, спикер Дастан Жумабеков, Жогорку Кеңештин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Абдывахаб Нурбаев, Жанарбек Акаев, Тазабек Икрамов, Руслан Казакбаев, Канат Исаев, Алтынбек Сулайманов, Улан Примов, Алмазбек Батырбеков, Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев, саясатчы Ахматбек Келдибеков да катышкан.
Волейбол жана мини-футбол боюнча өткөрүлгөн турнирдин байге фонду бир миллион сомду түздү.
Интернет колдонуучулар бир иш-чарага Райымбек Матраимов менен бирге Жогорку Кеңештин депутаттары катышканын катуу сынга алышты.
Алар өзгөчө, Балыкчы менен Бишкекте өткөн уранга каршы митингге бут басып келбеген чиновниктер Ошко Матраимовдордун тоюна бүтүндөй парламент барганына таң калышкандыгын жазган.
Социалдык тармактардагы ой-пикирлердин баары нааразычылыктар менен коштолгон.
Жамгырда митингге чыгып бийликтин көңүлүн уран маселесине бурдура албай убара тарткандар менен иши болбогон спикер Дастанбек Жумабеков баш болгон депутаттар Ошко Матраимовдордун тоюна кетип калганы коомчулукту кыжырдантты.