Без рубрики

«Мегакомдун» башчысынын айтканы жалган жана чагымчылдык»

2019 -жылдын 17-май күнү Жогорку Кеңеште «КТ Мобайл» боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын биринчи отуруму өттү. Анда «Мегаком» компаниясынын башчысы Акылбек Жамангулов премьер-министрдин бажасы Иманкадыр Рысалиев тарабынан коркутуулар болгонун билдирди.

Рысалиевдин айтымында, Жамангулов менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөр болгон. «Бирок мен аны коркуткан жокмун. Жамангуловдун айтканы жалган жана чагымчылдык. Мен улуттук уюлдук операторду ишке киргизүү керектигин айткам. Анткени чет элдик операторлор буга жол бербей жатышкан. Ал эми Жамангулов телефонун коюп койгондо, мен ага вотсаптан жазгам», — деди Рысалиев.

Рысалиев Жамангуловго вотсаптан жазган текст:

«Үйүңдү, балдарыңдын келечегин ойлон. Жөнөкөй адамдардын балдары да бар… Конторскийлер менен сүйлөш. Алар сага баарын түшүндүрүп беришет. Башка оюн ойноп жатасың. Башыңды иштет. Мага бирди, премьер-министрге башканы айтып, депутаттарга үчүнчүнү айтып жатасың. Оюнчу эртели-кеч утулат!!! Жогорку жакта чечип коюшту, капкан качан жабыларын күтүп жатышат. Ким сени түртүп жатса, аларга сенин тагдырың баары бир. Үйүңдү, балдарыңды ойлон».

Ал прокуратура органдарынан Жамангуловдун билдирүүсү боюнча текшерүү жүргүзүүсүн суранды. Мындан тышкары ал «КТ Мобайлдын» айланасындагы чуунун артында чет өлкөлүк компаниялар турарын билдирди.

Премьер-министрдин бажасы Иманкадыр Рысалиев — «Ачык Өкмөт» эл аралык уюмунун катчылыгынын жетекчиси. Көз карандысыз уюмдардын жана жарандык коомдун активисттери Иманкадыр Рысалиевти «Ачык өкмөт» эл аралык уюмунун катчылыгынын жетекчилиги кызматынан кетүүсүн талап кылышты.