Все новости

«Мегакомдун» башкы директору аны Иманкадыр Рысалиев коркутуп жатканын айтты

Жогорку Кеңеште «КТ Мобайл» компаниясынын маселеси каралып жаткан учурда «Мегаком» ишканасынын жетекчиси Акылбек Жамангулов Иманкадыр Рысалиев аны коркутканын айтты

«Укук коргоо органдарына дайындап, каматам, түбүңө жетем» деген СМС билдирүүлөр бар, ошолор далил болуп берет», — деди Жамангулов.

Жаманкулов аны Иманкадыр Рысалиев чакырып, коркутуп-үркүткөнүн, «акча котор» деп мажбурлаганын кошумчалады.

Анын айтымында Иманкадыр Рысалиев жетекчилерди чакырып 3-4 жолу Өкмөттө чоң чогулуш өткөргөн.

«Иманкадыр Рысалиев 3 жолу президенттик аппараттын жетекчисинин орун басарынын иш бөлмөсүндө кабыл алды. Ошол иш бөлмөдө ушул «КТ Мобайл» деген долбоорду колдон келишинче батыраак ишке ашыруу боюнча тапшырмалар менен бирге көрсөтмөлөр берилген. Андан сырткары, 2-3 жума мурун Мамлекеттик байланыш комитетинде жыйналыш болду. Аны да Рысалиев өзү башкарды. Ал чогулушта мамлекеттик мүлк фондусунун, мамлекеттик байланыш агенттигинин, мамлекеттик байланыш комитетинин, «Альфа Телекомдун» жана «КТ Мобайл» компанияларынын жетекчилери катышкан болчу» деди Акылбек Жамангулов.

«Республика — Ата-Журт» фракциясынын мүчөсү Мирлан Жээнчороев «КТ Мобайл» боюнча депутаттык комиссиянын отурумунда «Мегакомдун» жетекчиси Акылбек Жамангуловдун Иманкадыр Рысалиев тууралуу айткандары боюнча кылмыш ишин козгоону баш прокурордон талап кылды.

«Иманкадыр Рысалиевге коркутуу жана мамлекеттик бийликтин ыйгарым укуктарын өзүнө ыйгарып алганы боюнча иш козгоңуз»- деди депутат.