Бүгүн 3-май күнү Өкмөт үйүнүн алдына жарандар митингге чыгып, аларды милиция кармап кеткени маалым болду.
Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын айтымында Өкмөт үйүнүн алдына Военно-Антоновкадагы жер тилкесин мамлекетке алдырып жибергендер митингге чыгышкан.
«Милиция бизге соттун 11-майга чейин митингге чыгууга тыюу салган токтомун окуп берди. Дээрлик баарын милиция бөлүмүнө алып кетишти», — деди Абдирасулова.
Пикетке чогулгандар өкмөт үйүнүн алдына жерлердин камакка алынышы туурасында аткаминерлерден түшүндүрмө алуу үчүн чыгышкан.
Алардын айтымында, пикеттин катышуучулары Военно-Антоновкада үй куруу үчүн жерлерди сатып алышкан. Бирок ал тилкелер трансформациядан өтпөй калып, мамлекет камакка алган.
«Бизге өкмөт жерлерди трансформациялоо тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга коюшу керек, ал эми депутаттар жактырышы керек деп айтышкан. Бирок өкмөт муну аткарган жок жана созуп жатат. Биз батирлеп жашагандан чарчадык», — дешти пикетке чыккандар.
«Биринчи май райсоту эски жана жаңы Ала-Тоо аянтында митингдерди өткөрүүгө чектөө киргизген. Бүгүн 35 адам милициянын Биринчи май бөлүмүнө жеткирилди. Алар менен профилактикалык сүйлөшүү өткөрүлдү», — деп билдирди Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматы.
Натыйжада, бир жарандан башкасынын баары бошотулган, ал эми бир аялга милиционерге «баш ийбегендиги» үчүн деп үч миң сом айып пул салынгандыгы маалымдалды.