Все новости

Митингде бийликке бир нече талаптар коюлду

Митингдин жүрүшүндө резолюция кабыл алынып, анын негизинде митингге чогулгандар тарабынан бийликке бир нече талаптар коюлду

«Жаңы кабыл алынган кодекстер менен мыйзамдарга ылайык абакта отурган саясатчылардын иши кайра каралып, ага укуктук шарттар түзүлүп,тоскоолдуктар болбосун» — деген талаптар коюлду.

Андан сырткары, саясий репрессияны уюштуруучулар катары Алмазбек Атамбаев, Индира Жолдубаева жана Абдил Сегизбаевди камакка алуу талабы да айтылды.
«Жогорудагы талаптар аткарылганда гана сот реформасы ишке ашып, мыйзамдын диктатурасына жол ачылганына жана демократиянын өнүгүшүнө ишене алабыз» — деп жазылган резолюцияда.

Бүгүн, 23-апрелде Жогорку соттун алдында Садыр Жапаров менен Өмүрбек Текебаевдин тарапташтарынан турган бир нече миңдеген жарандар митингге чогулушту.

Саат 9:00дөн баштап Жогорку сотто Садыр Жапаровтун ишин көзөмөл иретинде жаңы жагдайларга байланыштуу кайра кароо отуруму болуп, анда камактагы саясатчынын жактоочусу Шарабидин Токтосуновдун судъяларга ишенбөөчүлүк көрсөткөндүгүнөн улам сот процесси 30-апрелге саат 16:00гө жылдырылды.