Все новости

Муфтият: “Орозо айында биз элди бөлбөшүбүз керек”

Түркиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фыратка байланыштуу окуя боюнча Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы түшүндүрмө берди. Муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаев элчинин ооз ачардан нааразы болуп, кетип калганын журналисттерге тастыктады.

“Ифтарга адамдарды эч ким бөлүп чакырбайт да. Ошол жакта өз ара келишпестик болуп, анан абал жөнгө салыныптыр. Азыр баары жакшы” — — деди муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаев.

Женгиз Камил Фырат Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгына нааразы болгон видео 12-майда Интернетке тарады. Ал мурдагы «Себат», азыркы «Сапат» билим берүү мекемесин бир нече жыл башкарган Орхан Инан менен чогуу ооз ачарга чакырганы үчүн муфтий Максатбек Токтомушев баш болгон кишилерди кекетип урушкан.

“Же Түркияны, же террорчу уюмду тандагыла. Түркия Кыргызстан үчүн 35 миллион долларлык мечит салып бергенин эскертип коеюн. Мени ооз ачаарга чакырып алыр террористтин жанына отургузгуңар келеби. Мунун баарын президентке айтып берем” деп элчи мырза ресторандан кетип калган.

Окуя 8-майда болгон. Түрк элчилигинен бул маселе туурасында комментарий алууга азырынча мүмкүн болгон жок.

Мурдагы «Себат», учурдагы «Сапат» билим берүү мекемелери Кыргызстанда ишмердигин 1992-жылы баштаган. Түзүүчүсү — диниятчы Фетхуллах Гүленди түрк бийлиги өзүнө душман санайт. Анын кыймылын президент Режеп Тайып Эрдоган «террордук» деп таанууга чакырган.