Все новости

Мухаммедкалый Абылгазиев: “ Кызыл-Омпол боюнча кол койгондор уран өндүрүлөрүн билген”

Жогорку Кеңештин жыйынында отчет берип жаткан Өкмөт башчысы Кызыл Омпол боюнча уруксат берчү кагаздарга кол койгон адамдар ал жерде уран өндүрүлө турганын билишкенин айтып, алардын ысымдарын атады

«Уранды иштетүүгө Орусиянын 30 млн. долларын алышкан, ошого уруксат берип жатышат» деген кептер туура эмес. «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясы 2004-жылы бизден каттоодон өтүптүр. 2010-жылы геологиялык изилдөөгө алган. 2011-жылы кайра эле геологиялык чалгындоо деп уруксат алыптыр. Ал убакта жаратылыш ресурстар министри болуп Кайрат Жумалиев иштептир. 2011-жылы май айында Кызыл-Омпол берилген экен. Экинчи жолу Замир Эсенаманов кол койгон. 2012-жылы лицензиялык келишимге Чоноев кол коюп, узартып беришкен. 2014-жылы 2015-жылга чейин узартууга Зилалиев кол койгон. Ал уранга деп кол койгон. Кол койгондор уран өндүрүлөрүн билишкен» — деди Өкмөт башчысы.

Ысык-Көлдүн Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө каршы пикирлер акыркы күндөрү күчөдү.

Жарандык активисттер «Биз Ысык-Көлдө уран кенин иштетүүгө каршыбыз!» деген петицияга онлайн түрүндө кол чогултуп жатышат. Азыр ага 20 миңден ашуун адам кол койгону айтылууда.

Өкмөт кенди чалгындоо иштерин убактылуу токтотконун маалымдаган.