Все новости

Мухаммедкалый Абылгазиев: “Ыссык-Көлдөгү уран казылып жаткан аймактан техникалар чыгарыла баштады”

Өкмөт башчы эки күндөн бери Жогорку Кеңеште отчет берип жатат

Уран чыры боюнча Премьер-Министр кенди казып баштаган ишкананын эшигине мөөр басылып, андагы техникалар чыгарыла баштаганын билдирди.

«Уран кени боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлгөн. Кечээтен бери биздин талабыбыз боюнча тиешелүү техникаларды чыгаруу башталды. Учурда да унаа, тракторлорду чыгарылып жатат. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жетектеген топ уран кенин чыгарып жаткан ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышып, Тоң районунун жергиликтүү тургундары менен жолугушууларды өткөрмөкчү», — деди ал.

Эске салсак, Өкмөт башчысы Жогорку Кеңеште эки күндөн бери отчет берип жатат. Депутаттар тарабынан бардык чуулгандуу иштер боюнча суроолор берилүүдө.
Буга чейин социалдык тармакта урандын казылышына каршы кол топтоо башталгандыгына байланыштуу жана түзүлгөн комиссиянын чечимине ылайык уранды казуу иштери Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругунун негизинде убактынча токтотулган.

Эртең, 26-апрель күнү уранды казууну убактынча эмес, биротоло токтотуу боюнча өз пикирин билдирүү үчүн тынчтык митинги Ак үйдүн алдында өтө турганы боюнча чакырыктар социалдык тармактарга жарыяланып жатат.