Без рубрики

Мухаммедкалый Абылгазиевдин кызы Бишкекте эмес Америкада билим алууда

Премьер-министрдин туугандары тууралуу маалыматта ката кетип калганын өкмөт мойнуна алды. Бул туурасында өкмөттүн басма сөз кызматы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин кызы Саадат чындыгында эле АКШда билим алат. Бул туурасында өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

“Буга чейинки берилген маалыматта Мухаммедкалый Абылгазиевдин кичүү кызынын билим алган жери деген жеринде жаңылыштык кеткен. Саадат чыгармачылыкка өтө жакын болгондугуна байланыштуу, Бишкек гуманитардык университетинин Европалык цивилизациялар факультетин аяктаган соң, 2019-жылдын башында «санарип медиа-искусство» адистиги менен Америкадагы колледжге тапшырган” – деп билдирет өкмөттүн басма сөз кызматы.

Бул маалымат менен кошо премьер-министр дайыма ачык-айкын ишке кызыкдар экенин жана муну ал өзүнүн эң жакын туугандары жөнүндөгү кеңири маалыматты коомчулуктун назарына койгондугу менен далилдегендиги деп жазылат өкмөттөн берилген тактамада.

Белгилей кетсек, буга чейин «КТ Мобайл» компаниясына байланышкан чырдан кийин Абылгазиев коомчулукка өзүнүн жана ошондой эле анын балдары эмне менен алектенери туурасында маалыматты сунуштаган эле. Анда, премьердин кичүү кызы «Ала-Тоо» эл аралык университетинде билим алууда деп көрсөтүлгөн. Бирок, көп өтпөй «Factchek.kg» Саадат Дүйшекеева чындыгында «Diablo Valley College » америкалык колледжде окуп жатканын аныктап чыккан.

Аталган окуу жайда билим алуу акысы жылына 23 миң доллардан ашат.