Все новости

Мурат Суталиновду камактан бошотуу соттук иши 7-майда карала турган болду

Бүгүн Мурат Суталиновдун ден-соолугунун начарлап кетишинен өзүн сотко алып келүү мүмкүн болбой калган.

Бишкек шаардык сотунда азыр Мурат Суталиновду мөөнөтүнөн мурун бошотуу иши боюнча соттук иши каралууда. 9-апрелде өткөн соттук кароодо Сааламаттык сактоо министрлигиндеги комиссия төрагасы сурак бергени келбей калганына абйланыштуу 15-апрелге жылдырылган болчу.

«Кан кусуп калгандыгына байланыштуу бүгүн Мурат Суталитновду сотко алып келишкен жок. Соттон адамгерчиликти талап кылабыз» -деп билдирди Мурат Суталиновдун туугандары.                                                                 Бүгүн Бишкек шаардык сотунун имаратынын алдында Мурат Суталиновдун 50 дөн ашык туугандары менен тарапташтары соттон адилеттүулүктү талап кылган плакаттары менен митингге чыгышкан.

Мурат Суталиновдун адвокаттары Майрамбек Жумабеков менен Тимур Карабаев Суталинов катуу ооруп жатканын сотко айтышты. Буга байланыштуу соттук териштирүү 7-майга жылды.

9-апрелдеги сот жараянында көрсөтмө берген дарыгерлер жана Суталиновдун саламаттыгын текшерген комиссиянын мүчөлөрү дээрлик бир ооздон «түрмө шартында дарылануу мүмкүн эмес» деген пикирин айтышкан.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлү да Суталиновдун “оорусунан айыгат деген үмүт аз» деп билдирген.

Адвокаттар дарыгерлердин «Суталинов бөйрөк оорусуна чалдыкканы жана дарты өтүшүп кеткени» жөнүндө корутундусуна таянып, түрмөдөн чыгарууну соттон өтүнүшкөн. Быйыл 15-февралда Бишкектин Ленин райондук соту бул өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартып койгон.

Эскерте кетсек, 2010-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти (УКМК) жетектеп турган Суталинов ошол жылдагы Апрель окуясындагы кан төгүүгө байланыштуу айыпталып, 20 жылга соттолгон.