Без рубрики

Мусакеедин жакындары анын камакта жашоо шартын көрүп чыгууну суранышты

Дамир Мусакеевдин жакындары Кыргызстандын Кыйноого каршы улуттук борборуна кайрылып, анын абактагы жашоо шартын көрүп чыгууну суранышты. Бул тууралуу Кыйноого каршы улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов маалымдады. Учурда аталган борбордун кызматкерлери Дамир Мусакеев отурган Бишкектеги №1 тергөө абагында жүрүшөт.