Все новости

Ноокенде 120миң доллар үчүн 7 жашар бала өлтүрүлгөн

КРнын ИИМнин басма сөз кызматына ылайык Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Мады айылында жашаган жарандын жети жашар баласын уурдап кетип, бир нече убакыттан соң өлтүрүп коюшкан

Бала 4-апрель тушко маал жоголгон, атасы аны издеп айласы куруганынан милицияга 05.04.2019 саат 00:25де арыз менен кайрылган. КРдин Жазыктар кодексинин 170-беренеси («Адам уурдоо») менен кылмыш иши козголгон.

Бала жоголгон күнү саат 14.00дө атасына бейтааныш адам чалып, баласы үчүн 120 миң доллар талап кылган. Баласын уурдаткан адам 13-апрелге чейин акчаны табышы керек болчу.
«Эгерде милицияга кабар берсең балаңды өлтүрөм», — деп айтылганы маалымдалды.

Укук коргоочулар баланы өлтүргөн шектүүнү ошол эле түнү табышкан. Бирок, кылмышка шектүү деп кармалган жаран, тилекке каршы баланы эбак эле өлтүрүп талаага денесин жашырып койгондугу аныкталган.

Кылмыш иши буга чейинки 120-беренеден 130-беренеге («Адамды уурдоодон кийин өлтүрүү») алмаштырылды.