Без рубрики

Нурлан Садыков : “Артыкбаевтин күнөөсү жок, анткени ал модернизация иштеринин документтери бүткөндөн жарым жыл өткөн соң энергетика министри кызматына келген”

Бишкек ЖЭБи (ТЭЦ) боюнча кылмыш ишинин соттук кароосу бүгүн улантылды

Соттук отурумда бардык жактоочулар айып тагылган камактагы саясатчылардын темир тордун ичинде отурганына нааразычылыгын билдирип, өтүнүч келтиришти.

Жактоочуларды соттук залдын ичиндеги темир торду кайтарган жоокерлердин санынын көптүгү таң калтырды.

Свердлов райондук сотунун судъясы Инара Гилязетдинова ал өтүнүчтү четке кагып, камактагыларды кайтарган жоокерлерди азайткан жок.

Осмонбек Артыкбаевдин жактоочусу Нурлан Садыков коомчулукка, өзгөчө сот залында отурушкан саясатчылардын жакындары менен тарапташтарына темир тордун ичинде отурган камактагылардын өтө деле зыяны тийбейт болчу деп эсептейт.

“Бул көбүнчө административдик мүнөздөгү маселе. Айып тагылып угузуп жатканда мындай майда нерселерге көңүл бурбаш керек. Камакта отургандар өзгөчө коркунуч алып келчү кылмышкерлер эмес” – деди жактоочу Нурлан Садыков.

Нурлан Садыковтун айтымында 3-апрелге коюлган сот отуруму бир айыпталуучунун жактоочусу келбей калгандыгына байланыштуу 10-апрелге калтырылган эле.

Бишкек ЖЭБди (ТЭЦ) модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш иши үч өндүрүшкө бөлүнгөнү маалым. Свердлов райондук сотунда өтүп жаткан соттук отурумда Бишкек ЖЭБин (ТЭЦ) модернизациялоо боюнча уюштуруу иштерине аралашкан саясатчылардын ишин кароодо.