Все новости

Омурбек Текебаев абактан кардиология борборуна которулду

Абакта отурган Өмүрбек Текебаев ооруканага которулду. Бул тууралуу жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова тастыктады

Анын айтымында, кечээ, 31-май куну Өмүрбек Текебаев 47-колониядан Улуттук кардиология жана терапия борборуна которулган. Саясатчы жарым жылда бир жолу текшерүүдөн өтүп турушу керектигин да маалымдалды. Абакка качан кайра которуларын дарыгерлерлер кийинчерээк айтаары кошумчаланды.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов «коррупция» боюнча айыпталышып, 8 жылга эркинен ажыратылышкан. Буга негиз болгон көрсөтмөнүн ээси Леонид Маевскийдин өзү Орусияда олуттуу кылмыш ишине шектелип, камакка алынган.