Без рубрики

Орусияда Кыргыз жарааны өлтүрүлүп, курулуш аянтына көмүлгөн денесин таап алышты

Орусиянын Ленинград облусунда кыргыз жаранынын мыкаачылык менен өлтүрүлгөн жансыз денеси табылды. Бул тууралу орусиялык басылмалар жазып чыкты

Маалым болгондой, өлүм алдында аны электр зымдары менен байлап коюшкан. Мигранттын сөөгү турак-жай курулуш аянтында жумуш учурунда 16-май күнү саат 11:30 чамасында табылган.

Эксперттер анын баш сөөгү сынып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн аныкташты. Ошондой эле анын буттары электр зымдары менен байланганы белгилүү болгон. Маркум 1990-жылы туулган кыргыз жараны экени такталган. Окуя боюнча кылмыш иши козголду.