Ош базарда митинг болду. Базар жетекчилиги 500 адам иштей турганын айтууда
Ош базардын администрациясынын алдына 200дөй адам чогулуп өз талаптарын айтышты. Соодагерлер эгер базар жабылса, кайда барабыз деп нааразы болууда. Жетекчилиги мурда өрттөнгөн базардын ордуна курулган имараттын ичинен күркө сатып алууну сунуштоодо. Бирок, күркөнүн орточо эсеп менен1 чарчы метри 1500 доллар экенин соодагерлер айтышты. Мындан сырткары, күн сайын ар бир чарчы метрине 50 сомдон ижара төлөш керек. Эгер 10 чарчы метр жерде иштесе, ижарага айына 13 000 сом кетет.
Алардын билдиришинче, бул жайда 1000ге чукул адам соода кылат.
Эске салсак, былтыр ушул маалда, 13-апрелдин түнүндө, «Ош» базарынын аймагындагы Киев менен Кулиев көчөлөрүнө жакын жерде жайгашкан «Берекет» кичи базарында өрт чыгып, товарлар күйүп кеткен. Соодагерлер көптөгөн чыгым тартышкан. Алардын айтымында эч кимге компенсация төлөнүп берилген эмес.