Все новости

Ош облусунда кайрадан жер титирөө катталды

Ош облусунун аймагында жер титирөө катталып 3,5 баллга жеткен. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Алардын маалыматына ылайык, жер титирөө 27-майга караган түнү саат 00:33тө катталган.

Жер титирөө Алай районунун Нура, Икизяк айылдарында 3 баллга чейин, Кара-Киндик, Бор-Дөбө айылдарында 2,5 баллга чейин болгон. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.