2019-жылдын 3-май күнү КР ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ош шаарындагы №7 Нариманов, №2 Карл-Маркс, №27 Портсьезд жана №5 Ж.Бөкөнбаев атындагы мектеп-гимназияларынын окуучуларынын катышуусунда “Өрт кырсыгы окуучулардын көз карашы менен” деген темада мелдеш өткөрүлдү.
Иш-чаранын максаты окуучуларга өрттүн тилсиз жоо экендиги жөнүндө кеңири түшүнүк берүү, өрт коопсуздук эрежелерин сактоонун жол жоболорун практика жүзүндө тааныштыруу, өрт учурунда өзүн-өзү алып жүрүүнү үйрөтүү, окуучулардын арасында өрттүн кооптуулугун пропагандалоо, жаш балдардын от менен ойноосуна жол бербөө болуп эсептелинет.
Мелдеш көркөм жана спорттук болуп эки этапта өткөрүлдү:
Мелдеште командалар тарабынан даярдалган:
Командалардын саламдашуусу;
Өрт темасында ХОР;
Команданын эмблемасы, плакаттарын коргоо;
Сахналык көрүнүш ( өрт учурундагы бир учурду камтыган интермедия);
Жеке ыр (Өрт жөнүндө);
Окуучулар тарткан сүрөт көргөзмө (Өрт темасына арналган);
Эвакуация планын түшүндүрүү (ар ким өзүнүн мектебинин) боюнча даярдыктарын көрсөтүштү.
Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөргө I, II, III жана VI даражадагы дипломдор жана баалуу белектер ыйгарылды.
Белгилей кетсек, бул иш-чара КР ӨКМнин 2016-жылдын 25-майында чыгыш №487 сандуу жана КР Билим берүү жана илим министрлигинин 2016-жылдын 24-майында чыгыш №716/1 сандуу “Мектепке чейинки мекемелердин тарбиялануучуларына, мектеп окуучуларына жана студенттерге өрттү адын алуу боюнча тарбиялык жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жөнүндө” биргелешкен буйруктарын ишке ашыруу максатында КРнын Өкмөттүн 1994-жылдын 19-декабрындагы чыгыш №858 токтомуна ылайык Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын мектептеринен түзүлгөн “Жаш өрт өчүрүүчүлөрдүн тобу” арасында өткөрүлдү.