Без рубрики

Ош шаарындагы унаа тетиктерин сатуучу базарда чыккан өрттүн келип чыгуу себеби такталууда

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 2019-жылдын 7-май күнү Ош шаарынын Касымбеков көчөсүндө жайгашкан «Кудайберген» унаа тетиктерин сатуучу базарында контейнерден өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине саат 12:00дө КР ӨКМнин Ош шаардык №13 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмунөн (АӨКБ) 1 бөлүм, саат 12:19да КР ӨКМнин Ош шаардык №13 АӨКБдан 1 бөлүм, саат 12:26да КР ӨКМнин Ош шаардык №12 АӨКБдан 1 бөлүм жана саат 12:27де Кара-Суу райондук №102 Өрт-куткаруу бөлүмунөн 1 бөлүм, жалпы 4 өрт өчүрүүчү бөлүм жана КР ӨКМнин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу КБП (ППУ) унаасы менен тартылган.

Өрт саат 12:48де чектөөгө алынып, саат 13:16да толук өчүрүлгөн. Жабыркагандар жок. Өрттүн келип чыгуу себеби жана материалдык чыгым такталууда деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы