Без рубрики

Ошто журналисттер сабалды

Ош шаарында көмүскө иш жүргүзгөн кумаркана катары сөз болгон мекемени тартып жаткан учурда журналист Ыдырыс Исаков сабалды деп жазды “Азаттык”

Журналисттин бети, колу тытылып, кийими айрылган. Аталган жайга милиция кызматкерлери келип, журналистке кол салгандар кармалганы кабарланды.

Исаков Ош шаарында «Делюкс» мейманканасынын капталында жайгашкан, аты жок кумаркананы тартууга барган. Бул тууралуу ири суммада акчасын уттурган баланын ата-энеси кайрылып, 2017-жылдан бери кумаркана иштеп жатканын билдиришкен. Жабыркаган тараптын маалыматына караганда, баласы 2017-жылдан бери 50 миң доллардай уттурган. Алар уттурган акчаны кайтарып берүүнү талап кылып жатышат. Маселе чечилбесе президентке да кайрылышарын Ыдырыс Исаковдун «Фейсбук» баракчасындагы түз берүүсүндө билдиришти.

Ош шаарындагы жашыруун ишмердүүлүк жүргүзгөн кумарканалар боюнча Нур ТВнын кабарчысы Даткабек Шабданбек уулу да съёмка учурунда ур-тепкиге алынганы маалым болду.

Түз эфирден кумаркана бар делген жайдын күзөтчүлөрү «Азаттыктын» кабарчысы Ыдырыс Исаковдун колдорун кайрып, тепкилеп жатканын көрүүгө болот. Ал эми журналист Даткабек Шабданбек уулун күзөтчүлөр барымтага алып, уюлдук телефонундагы жалпы маалыматты өчүрүп салышкан.

«Андай деле олуттуу зыян келген жок. Бирок колумду кайрышып, тепкилегенге чейин барышты. Кастюмум да жыртылып кетти. Азыр абалым жакшы»,-деди Ыдырыс Исаков.
«Колумду кайрып, имараттын ичине алып кирип камап коюшту. Телефонумду алып, ичиндеги керектүү маалыматтардын баарын өчүрүп салышты. Каршылык көрсөтсөм күч колдонушту«,-деди Даткабек Шабданбек уулу.

Кыргызстанда 2012-жылдын 1-январынан тартып казино жана башка кумар оюндарына тыюу салынган. 2015-жылдын 29-апрелинен тартып букмекер кеңселерине, тотализаторлорго чектөө коюлган. Тыюу салынганына карабай, кумар оюндары Интернет аркылуу ойнолуп жатканын Жогорку Кеңеш депутаттары айтып келишет.