Без рубрики

«Президент, үн кат!». Соцтармактарда колдонуучулар президентке нараазы болушууда

Бир нече күндөн бери соцтармактарда колдонуучулар, президент уранга тиешелуу пикирин ушул күнгө чейин билдирбей келгенине нараазы болушууда. Алар соцтармактарда «Президент, үн какт!» деген акциясын башташты.

Бул тууралу соцтармакта жазып чыгууда. «Балыкчыда башталган митингден бери уранды казууга каршы нааразылык маанайдын жаралышына бир айдай болуптур. Бирок дагы эле биз өзүбүздүн президентибиздин оюн уга элекпиз. Ошондуктан башка депутаттар да тиги жакты карап, үн чыгара албай жатышат. Бизде 7-майда уранды казууга каршы мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуу болот. Ошого чейин пикирин билип алсак болмок. Уранды колдоп жатабы же «бул менин ишим эмес» деп жатабы? Коопсуздук маселеси президентке карайт да, ал эми радиация коопсуздугу, экономикалык коопсуздук да анык президенттин ыйгарым укугу. Ал да өзүнүн оюн айтыш керек»- деп билдирет колдонуучулар.

Азыркы учурда уран чалгындоого каршы нааразылык акциялары уланып жатат. Бишкекте, Балыкчыда, Караколдо катар-катар митингдер өттү. Өкмөт Кызыл-Омпол кени боюнча «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясына берилген лицензия кайтарылып алынганын, ке