Без рубрики

Президент Германияга кетти

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-апрелде Германия Федеративдүү Республикасына расмий визит менен учуп кетти

Визиттин биринчи күнүндө, 15-апрелде, Мюнхен шаарында Президент Сооронбай Жээнбеков Бавариянын мамлекеттик канцеляриясынын башчысы, Бавариянын федералдык жана европалык маселелер, ММК маселелери боюнча мамлекеттик министр Флориан Херман менен, экономика, өнүгүү жана энергетика мамлекеттик министри, Бавариянын Премьер-министринин орун басары Хуберт Айвангер менен жолугушат, Х.Зайдель атындагы Фонддо Бавариянын коомдук жана саясий ишмерлеринин алдында сөз сүйлөйт, кыргыз-немис бизнес-форумунун ачылышына катышат, «Pellm eyer» айыл-чарба ишканасына барат жана мекендештер менен жолугушат.

16-апрелде, Берлинде, Мамлекет башчы ГФР Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер жана Германия Федералдык Канцлери Ангела Меркель, ошондой эле Бундестаг Президенти Вольфганг Шойбле менен жолугушуулары пландаштырылган. Сооронбай Жээнбеков менен Ангела Меркель прессага билдирүү жасашат.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Германияга болгон расмий визитинин жыйынтыгы боюнча дипломатиялык алакалар, экономика жана өнөр жай, айыл чарба жана агро өнөр жай комплекси, билим берүү, туризмди өнүктүрүү жана соода-экономикалык карым-катнаш, каржы тармактарында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлаары күтүлүүдө.