Без рубрики

Президент Сооронбай Жээнбеков «Бир алкак – бир жол» Экинчи форумунун ачылыш аземине катышты

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-апрелде Кытайдын Пекин шаарында
«Бир алкак – бир жол» Экинчи форумунун ачылыш аземине катышты

Форумдун ачылыш аземинде КЭР Төрагасы Си Цзиньпинь, Россия Федерациясынын
Президенти Владимир Путин, Казакстан Республикасынын биринчи президенти
Нурсултан Назарбаев, Малайзия Премьер-министри Махатхир Мохамад,
БУУ Башкы катчысы Антониу Гутерреш жана башка делегация башчылары сөз сүйлөштү.

Форумдун ишине 187 өлкөнүн делегациялары катышууда, анын ичинде
37 өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчылары келишкен.

Эртең, 27-апрелде Президент Сооронбай Жээнбековдун
«Бир алкак – бир жол» форумунун биринчи сессиясында сөз сүйлөөсү күтүлүүдө.