Все новости

Президент Сооронбай Жээнбеков «Бир алкак – бир жол» эл аралык кызматташтыктын

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-апрелде
«Бир алкак – бир жол» эл аралык кызматташтыктын Экинчи форумуна жана
«Дүйнөлүк бак өстүрүү — 2019 көргөзмөсүнө” катышуу үчүн Кытай Эл Республикасынын
Пекин шаарына жумушчу визит менен учуп кетти.

Визиттин алкагында Мамлекет башчысы КЭР Төрагасы Си Цзиньпин, ККП Борбордук
Комитетинин саясий бюросунун Туруктуу комитетинин мүчөсү Ван Хунин,
бизнес-компаниялардын жетекчилери жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушат.

Андан тышкары, ал Эл аралык көргөзмө борборунда Кыргызстандын жана
Кытайдын көргөзмө павильондорун көрөт, делегациялардын башка
жетекчилери менен бирге “Достук оазиси” гүлбакчасында дарак отургузат.
Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы:

Чыңгыз Айдарбеков, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри;
Данияр Сыдыков, Кыргыз Республикасынын Аппаратынын
тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;

Канайым Бактыгулова, Кыргыз Республикасынын
Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси;
Олег Панкратов, Кыргыз Республикасынын Экономика министри;
Нурбек Мурашев, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба,
тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри;

Жанат Бейшенов, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри.