Все новости

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан элинин Ассамблеясынын кеңешинин төрагасы, Акыйкатчы Токон Мамытовду кабыл алды

Жолугушууда Ассамблеянын отчеттук мезгилдеги иштеринин жыйынтыктары, Ассамблеянын 25 жылдык мааракесин жана уюмдун IX курултайын өткөрүү талкууланды

Ошондой эле Ассамблеянын өлкөнүн коомдук саясий турмушундагы мындан аркы өнүгүү келечеги жана ролу, Кыргызстан элинин биримдигин бекемдөө маселелеринде анын бардык мамлекеттик бийлик бутактары менен өз ара аракеттенүүсү жана жарандык интеграция үчүн шарттарды түзүү маселелери каралды.

Президент Сооронбай Жээнбеков Ассамблеянын этникалык көп түрдүүлүктү сактоодо, жарандык интеграцияны өнүктүрүүдөгү ролун, уюмду кайра форматташтыруунун маанилүүлүгүн жана социалдык-экономикалык учурдагы реалдуулукка жөндөмдүү болушун, мындан ары айрыкча өлкө аймактарындагы мамлекеттик органдар менен өз ара тыгыз байланышынын зарылдыгын баса белгиледи.

Мамлекет башчысы Ассамблея этникалык аралык ынтымакты, жарандык тынчтыкты, Кыргызстан элинин интеграциясын жана биримдигин бекемдөөгө жардам кылышы керектигин белгиледи.

Кыргызстан элинин Ассамблеясынын кеңешинин төрагасы Токон Мамытов Ассамблеянын 25 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарага жана уюмдун IX курултайына карата даярдыктардын жүрүшү жөнүндө маалымат берди.
Ал белгилегендей, салтанаттуу иш-чарага 400дөн ашуун киши чакырылган, жакынкы жана алыскы 15 чет өлкөдөн коноктор катышат.

Мындан тышкары, Токон Мамытов жакын арада Жогорку Кеңеште аткарылган жумуштар тууралуу Акыйкатчынын отчету берилерин маалымдады.