Без рубрики

Президент Сооронбай Жээнбеков Опера жана балет театрынын солисти Фарух Садыркуловду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-майда А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисти Фарух Садыркуловду кабыл алды

Мамлекет башчысы Фарух Садыркуловду быйыл февраль айында Россия Федерациясынын Москва шаарында жаш аткаруучулардын классикалык, элдик-сахналык жана заманбап хореография боюнча IV эл аралык сынагында биринчи орун алышы менен куттуктады.

Ошондой эле Фарух Садыркулов Венгриянын Будапешт шаарында балет артисттеринин эл аралык конкурсуна катышып, диплом менен да сыйлангандыгын эске салды.

“Бул жетишкендиктер баарыбыз үчүн чоң сыймык. Талантыңыз, эмгегиңиз менен элдин сүйүктүү балет бийчисине айланып, жаш болгонуңузга карабай, Кыргызстанды дүйнөгө таанытып жүрөсүз”, — деп Сооронбай Жээнбеков чоң ыраазычылык билдирди.

Жолугушууга ошондой эле бийчинин апасы, бүгүн Президенттин ыраазычылык каты менен сыйланган Светлана Садыркулова дагы катышты. Ал уулу эл аралык сынактарга катышып жатканда Кыргызстандын атынан сыймыктануу менен чыгып жатканын айтты.

Мамлекет башчысы Фарухтун апасына сыймыктуу уулду тарбиялаганы үчүн ыраазычылык билдирип, жаш талантка мамлекет тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүлөөрүн белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков Фарух Садыркуловго мындан ары да кыргыз элинин намысын эл аралык сынактарда көккө көтөрүп, өсүп келе жаткан жаштарга мыкты үлгү болоруна чын жүрөктөн ишенерин билдирди. Ага бекем ден соолук, чыгармачыл ийгиликтерди каалады.

Жолугушууда Фарух Садыркулов Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү сааты менен сыйланды.