Без рубрики

Президент Сооронбай Жээнбеков: Орозо айы ыймандуулуктун, жан-дүйнөнү тазалоонун жана сабырдуулуктун айы

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Орозо айынын башталышы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:
«Урматтуу мекендештер!
Кадырлуу мусулмандар!Сиздерди ыйык Орозо айынын башталышы менен куттуктайм!
Ата-бабаларыбыздан келе жаткан Орозо айынын маани-маӊызы бийик.

Орозо айы ыймандуулуктун, жан-дүйнөнү тазалоонун жана сабырдуулуктун айы.
Элибизди тынчтыкты, биримдикти бекемдөөгө, адамдарды бири-бирине жардамдашууга, урмат-сый менен мамиле жасоого чакырат.

Орозо айында муктаж адамдарга көңүл буруп, садага берип, достук жана бир туугандык мамилелерибизди бекемдеп, пейилибизди оңдоп, соопчулук иштерин жасайлы.

Аруу тилек, асыл максаттар менен күткөн ыйык Орозо айы ар бир үй-бүлөгө жакшылык жана бакубатчылык, куттуу кыргыз жергесине береке алып келсин.
Жараткан орозоңуздарды кабыл кылсын!
Эл ичинде ынтымак, жергебизде бейпилдик болсун!
Сүйүктүү мекенибиз Кыргызстанды Кудай өзү колдосун!»