Без рубрики

Президент Сооронбай Жээнбеков Шереметьево аэропортундагы каргашалуу окуяга байланыштуу Россиянын Президенти Владимир Путинге көңүл айтты

Президент Сооронбай Жээнбеков Шереметьево аэропортундагы каргашалуу окуяга байланыштуу Россиянын Президенти Владимир Путинге көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Москва шаарынын Шереметьево аэропортунда болгон каргашалуу окуянын кесепетинен көптөгөн адамдар каза болгондугуна байланыштуу Россиянын Президенти Владимир Путинге көңүл айтты.

«Шереметьево аэропортунда болгон каргашалуу окуянын кесепетинен көптөгөн адамдар каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтуу менен, баардык жабыркагандардын тез айыгып кетүүсү боюнча каалоомду жеткирип коюуңузду өтүнөм. Орду толгус аза кайгысын тең бөлүшөбүз», — деп белгиленген Мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.