Все новости

Президенттикке талапкерлердин бетме-бет жолугушуусу 14-апрелде өтөт

Украинанын учурдагы президенти Петр Порошенко менен анын негизги атаандашы Владимир Зеленскийдин ачык асман алдындагы беттешүүсү 14-апрелде өтө турган болду. Бул туурасында украиналык ММКлар жазып чыгышты

Украинада президенттик шайлоо үстүбүздөгү жылдын 31-март күнү болуп, анда учурдагы президент Петр Порошенкодон да көп добушту актер Владимир Зеленский алган. Ал шайлоочулардын 30,24 % пайыз добушун алып, Петр Порошенкону артта калтырган. Украинанын мыйзамдары боюнча талапкер 50% дан ашык добуш алганда гана президент болот. Адыктан, президенттик шайлоонун экинчи туру 21-апрелде өтө турган болду.

3-апрель күнү Владимир Зеленский атаандашы Петр Порошенкону бетме-бет жолугушууга чыгуусун талап кылып дебатка чакырган.Учурдагы президент ал чакырууну кабыл алганы менен, телеэфирден сүйлөшүүнү сунуштады.

Өлкө президентинин ролун ойноп сериалдарга тартылып жүргөн актер Зеленский айткан сөзүнөн кайтпай президентке талапкерлердин жолугушуусу Киевтеги 80 миңге ылайыкташылган “Олимпийский” стадионунда өтөөрүн билдирди.

Куудул Владимир Зеленский эки талапкердин дебатына калыстык кылуу үчүн саясатчы Юлия Тимошенкону чакырганы маалым болду. Тимошенко болсо 31-март күнү өткөн шайлоодо үчүнчү орунду алып, 13,4 % добушка ээ болгон. Ал Зеленскийдин калыс болуп берүү сунушуна расмий түрдө жооп берип баш тартты.