Эл арасында Раим миллион каймана атка конгон Раимбек Матраимов Алмазбек Атамбаевке ачык видео кайрылуу жасады
Анда экс-президент Алмазбек Атамбаев анын атын каралап жатканын, эгер мындай аракеттерин токтотпосо, аны менен күрөшө турганын айтты.
1-май күнү атасы Исмаил Матраимовдун элесине арналган спорттук тунирден кийин Атамбаевке таандык маалымат каражаттары жана анын тарапташтары аны каралай баштаганын айтып, эл үчүн өткөрүлгөн турнирди саясий иш-чарага айландырып жибергенине ызырынды.
«Алмазбек Шаршенович, азыркы президент менен болгон мамилеңиздерге мени аралаштырбоону суранам. Мага карата калпты чындай кылып каралаганыңызды токтотпосоңуз, мындан ары жөн отурбайм» — деди Матраимов.
Ал ошондой эле Атамбаев менен күрөшүүгө тийиштүү маалыматтары жана күч-кубаты жетишерин кошумчалады.
Кыргызстандын Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райым Матраимовдун экс-президент Алмазбек Атамбаевге жасаган кайрылуусу социалдык тармактарга тарап, ММКлар жазып чыгышты.