Без рубрики

Раим Матраимов кайра Бажы кызматына бара турган болду

17-май күнү Жогорку сотто жарандык иштер боюнча соттук коллегия Раим Матраимовдун арызы боюнча ишти карап, Биринчи май райондук жана Бишкек шаардык сотунун чечимдерин күчүндө калтырды

Ага ылайык, бардык соттук инстанциялар “Раим Матраимов мыйзамсыз иштен алынган” деп таап, кайра аны бажыдагы кызматына орноштуруу чечимин кабыл алышты.
Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Матраимов кызматтан 2017-жылдын 23-ноябрында бошотулган. Өкмөт бул чечимге «Матраимовдун иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет» деген жүйө келтирген.

Кийин ал иштен негизсиз кеткенин айтып, өкмөттү сотко берген. Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Матраимов иштен мыйзамсыз алынган” деп тапкан. Бул чечимди шаардык сот да күчүндө калтырган.