17-апрель күнү кармалган Данияр Бакчиевдин апасы маалымат жыйын өткөрдү
Райхан Мамытова уулу Данияр Бакчиевдин бир тыйын уурдабаганын айтып, ак жеринен камакта отурат деди.
“Менин балам Данияр Бакчиев Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысы болуп иштеп бюджеттен бир тыйын уурдаган жок. Аны ак жеринен камашты” – деди Райхан Мамытова.
Анын айтымында, Данияр Бакчиев Япониядан билим алып, Кыргызстанга өз өлкөсүн өнүктүрүүгө салым кошуу үчүн келген. Алгач Бакчиев кадр кызматында эмгектенгени белгилүү болду.
“Сынакка катышып,андан өтүп Каттоо кызматынын статс-катчысы болуп дайындалган. Балам эмгекчил, эртеден кечке иштечү. Тендер боюнча аны инегизсиз айыптап камап коюшту. Эгер уурдаган болсо Курманжан апабыздай “өлүмгө тике кара” демекмин.Балам бюджеттен бир тыйын алган жок. Бирок, балам ак жеринен камалды” – деди Райхан Мамытова.