Без рубрики

Россиянын Президенти Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик иш сапары менен келди

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин бүгүн, 28-мартта, мамлекеттик иш сапары менен Кыргызстанга келди

«Манас» эл аралык аэропортунда Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

Расмий жолугушуу аземи «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында болот.

Эки мамлекеттин башчыларынын сүйлөшүүсү алгач чакан форматта болуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөр андан кийин кеңири курамда эки өлкөнүн делегация мүчөлөрүнүн катышуусунда уланат.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында биргелешкен документтерге кол коюлат.

Кыргызстандын жана Россиянын Президенттери басма сөз өкүлдөрүнө биргелешкен билдирүү жасашат.

Ошондой эле мамлекет башчылардын сегизинчи Кыргызстан-Россия региондор аралык конференцияга катышуусу жана Ч.Айтматовдун үй-музейине баруусу күтүлүүдө.