Без рубрики

Рыскелди Момбеков: Атамбаев башкаруудагы өз каталарын мойнуна алды

КСДПнын өткөн курултайынан чыккан Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков журналисттерге жооп берип жатып, Атамбаев башкаруудагы өз каталарын мойнуна айтканын билдирди

Ошондой эле Момбеков: «Жан сакчыларыңыздын баары жан бакты болуп чыкты, жардамчыларыңыздын баары жалганчы болуп чыкты. Буга сиз өзүңүз күнөөлүүсүз. Бүгүнкү саясий кырдаалдын туңгуюкка келип такалышына сиздин күнөөңүз бар. Анткени сиз тегерегиңиздеги кошоматчыларга ишенгенсиз» деп айттым. «Сиз «танда» деген кишини тандадык, «шайла» деген кишини шайладык, анан эми сиз «жайла» деген кишини жайлай албайбыз. Бул туура эмес болуп калат, логикага туура келбейт», — деп айтканын билдирди.

Депутат Рыскелди Момбеков бийлик тарабынан ага кысым болуп жатканын да кошумчалады.