Без рубрики

Сагынбек Абдрахманов: 《Парламенттеги коалиция биз тарапта》

КСДП партиясынын жаңы шайланган төрагасы Сагынбек Абдрахманов журналисттер үчүн пресс-конференция
берип, партияны Юстиция министрлиги расмий түрдө каттаганын айтты

《Алмазбек Атамбаев эми партиянын жобосун, мөөрүн жана бардык тиешелүү буюмдарын берсин》 — деди ал.

Журналисттердин Асылбек Жээнбеков туурасындагы сууроосуна:
《Асылбек Жээнбеков менен көптөн бери таанышпыз, бирок «КСДП Атамбаевсиз» кыймылына анын тиешеси жок», — деп жооп берди Сагынбек Абдрахманов.

Анын айтымында, 《Атамбаевсиз КСДП партисы》 кыймылы өз ишин токтотту.

«Бул кыймыл КСДПнын ичинен чыккан. Парламенттеги коалиция биз тарапта», — деди КСДПнин жаңы төрагасы.

Партиянын юристи Муратбек Жапаров Атамбаевдин доору бүттү деп айтты.

《Азыр КСДПнын жаңы мыйзамдуу төрагасы — Сагынбек Абдрахманов. Юстиция министрлигинин тиешелүү чечими бар», — деди ал.