Без рубрики

Шашылыш билдирүү: кар көчкү түшүүсү күтүлөт!

Күн жылып, тоо чокуларындагы карлар эрип баштагандыгына байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы шашылыг билдирүү таратты

2019-жылдын 17-апрелинен 19-апрелине чейин жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 132-133-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 223-246-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 81-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүүсү күтүлөт, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.