Все новости

Сооронбай Жээнбеков: «Кыргызстанда уран казылбайт»

Бүгүн, 4-майда мамлекет башчысы Конституциялык палатанын судьяларын кабыл алды

Жолугушуунун жүрүшүндө жарандардын конституциялык укугун коргоо, мыйзамдардын кынтыксыз аткарылышы тууралуу сөз болуп, Мамлекет башчысы кызуу талкууланып жаткан уран казуу маселеси боюнча пикирин билдирди.

«Биз кийинки муунга ынтымагы бекем коомду, укуктук мамлекетти калтыруубуз зарыл. Урпактарга ата-бабадан калган таза табиятты, жашыл жаратылышты жеткирүүгө милдеттүүбүз. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып айта кетейин, Ысык-Көлдө Кызыл-Омполдо уран казуу маселеси коомдо кызуу талкууланып, элибиз кабатыр болуп жатат. Так кесе айтам — Кыргызстанда уран казылбайт!», — деп баса белгиледи Президент.

«Бул тармак, айрыкча лицензия-уруксат берүү системасы коррупцияга белчесинен батып, абалдын жетер жерине жетип калган. 2018-жылы лицензия берүүнү кылдат анализдеп, инвентаризация кылууну сунуштагам, жөнөкөй тил мен айтканда жаңы лицензияларды берүүгө мораторий жарыяланган», — деди Президент.

Мамлекет башчысы Кызыл Омполдогу абалды кен казууу тармагындагы баш аламандыктын, өзүм билемдик саясаттын жыйынтыгы деп баалады. Эгемендик жылдарында жалпысынан жер казынасын пайдаланууга 2, 5 миӊден ашык лицензия берилген. Акыркы 8 жылдын ичинде тоо-кен тармагына тийиштүү жүзгө жакын кылмыш иши козголгон, бирок көпчүлүгү аягына чыгарылган эмес. Бул багытта Коопсуздук кеңишинин чечимине ылайык учурда жумушчу топ иштөөдө.

«Дагы кайталайм, Кызыл-Омполдо уран казылбайт. Ачыгын айтканда, Өкмөттүн бул маселеге болгон кайдыгер мамилесинен улам коомчулук дүрбөлөң түштү. Баса белгилеп айтам, жөн жерден дүрбөлөңгө түштүк. Керемет Ысык-Көлүбүз кезектеги туристтик сезонго даярдык көрүп жаткан кезде мындай дүрбөлөң туризм тармагына балта чапкан кыянаттыкка барабар. Ошондуктан, мекендештериме, жарандык коом, массалык маалымат каражаттарына айтаарым, тынчсызданууга эч негиз жок. Активдүү позицияңарды көрсөтүп, Кыргызстан ачык жарандык коомдун өлкөсү экендигин дагы бир ирет далилдедик» — деди Президент.

«Кечигип болсо да Өкмөт Кызыл-Омполдо уран казылбай тургандай чечим кабыл алды. Жогорку Кеңеш да бул маселени талкуулап, өз позициясын билдирди. Биздин кымбат, сүйүктүү Кыргызстаныбыз — таза экологиянын, таза суунун, таза абанын өлкөсү! Таза табиятты бузганга баарыбыз биригип жол бербейбиз! Көздүн карегиндей сактайбыз!», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.