Без рубрики

Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясы 7 судьянын чыгарган чечимдерин жана аракеттеринин мыйзамдуулугун карап чыга турган болду.

Октябрь райондук, Бишкек шаардык жана Жогорку соттун 7 судьясынын чыгарган чечимдеринин жана аракеттеринин мыйзамдуулугун Тартип комиссиясы карай турган болгонун SMI.KG сайтынын редакциясына Темирлан Ормуков билдирди

Темирлан Ормуковтун айтымында, 2017-жылдын 25-августунда Октябрь райондук сотунун судьясы Авчи Алиев Ормуковту №1-тергөө абагына камоо боюнча чечим чыгарат. Ошол эле жылдын 27-октябрь күнү судьялар Э.Момуналиев, Т.Аккозуев жана С. Бектемировалар курамын түзгөн сот Октябрь райондук сотунун чечимин күчүндө калтырышкан. 2018-жылдын 14-майында Жогорку соттун судьялары К. Эсенканов, К. Бокоев, Р. Камчыбековтор Ормуков тарабынан берилген көзөмөл иретиндеги арызды карабоо чечимин чыгарышып, аны камоо боюнча соттук өндүрүштү токтотуп коюшкан.

Темирлан Ормуковтун айтымында жогоруда ысымдары аталган судьялардын үстүнөн Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясына 7 судья кабыл алган чечимдеринин жана аркаеттеринин мыйзамдуулугун текшерип берүү үчүн арыз менен кайрылган. Бүгүн Тартип комиссиянын отуруму болуп, анда ысымдары аталган 7 судьянын чечимдери боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлө тургандыгы маалым болду.
Темирлан Ормуковтун жактоочусунун айтымында эгер судьялардын мыйзам бузгандыгынын белгилери аныкталса анда Тартип комиссиясынын корутундусу иш козгоо үчүн Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилет.