Без рубрики

Сууга агып кеткен кыз табыла элек

Нарын районунун Миң-Булак айылындагы Он-Арча суусуна түшүп кеткен 6 жашар кызды издөө иштери улантылып жатат. Бүгүн, 21-майда куткаруучулар тобу жана айылдаштары кызды Нарын дарыясынан издөөнү улантышат.

Нарында сууга агып кеткен 6 жашар кыздын апасы: «Бүгүн айыл эли жана куткаруучулар Нарын дарыясынан кызымды издешет» деди.
Анын айтымында, кызы 4 күндөн бери изделип жатат.

«Мени журналисттер ооруканага жаткырып салышты. Ооруган жокмун, бирок баласын жоготуп жаткан эненин абалы жакшы болмок беле…Кызым табылса экен деп эле тилеп жатабыз. Ал менин үчүнчү кызым», -деди Элзат айым.

Эскерте кетсек, 6 жашар кыз 17-майда балдар менен ойноп жатып, бут кийимин сууга түшүрүп алган. Аны алууга аракеттенип жатып, өзү сууга түшүп кеткен. Кыз түшүп кеткен Он-Арча суусу Нарын дарыясына куят.