Ноокат райондук сотунда пара алган деп иш козголгон Ильяз Калмырзаевтин соту дагы башка күнгө жылдырылды. Бул туурасында жарандык активист Роза Маманова билдирди
Жарандык активист Роза Маманова Facebookтагы өз баракчасына пара алуу беренеси менен Ноокат райондук сотунда каралып жаткан соттук отурум кезектеги жолу дагы башка күнгө жылдырганын айтып, соттун имаратынын алдына плакаттарды көтөрүп чыккан Он- эки бел айыл өкмөтүнүн тургундарын тасмага тартып чыгарган. Анда, Он-эки белдиктер айыл өкмөттө жер адиси кызматында иштеген Ильяз Калмырзаевке кылмыш иши козголуп, соттук процесстер башталганы менен анын адвокаты сот отурумдарына келбей жатканын айтып нааразычылык билдиришкен.
Эске сала кетсек, Ноокат районундагы Он-эки бел айыл өкмөтүнүн жер адиси Ильяз Калмырзаев 2018-жылдын 17-августунда иш бөлмөсүндө 50 миң пара алып жаткан жеринен каржы полициясынын кызматкерлери тарабынан кармалган.
Он-эки бел айылынын тургундарынын айтымында буга чейин 21 жолу өткөн соттук отурумга Калмырзаевтин жактоочусу болгону 3 жолу гана келип катышкан. Алардын айтымында депутат Төрөбай Зулпукаровтун таекеси Кутман Турсункулов Он-эки бел айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштейт.
Он-эки белдиктер белгилегендей каржы полициясынын документтеринде пара менен кармалган Ильяз Калмурзаев кызматынан чететтилгенине карабай, дагы деле жер адиси болуп айыл өкмөттө иштеп жатат.
Он-эки бел айылынын тургундары белгилегендей Төрөбай Зулпукаров калкалаган Ноокаттык чиновниктер козголгон кылмыш ишке тоскоолдук жаратып, атайын убакытты созуктуруп жатышат.