Все новости

Тажикстандын түрмөсүндө жаңжал чыгып, 29 адам каза тапты

Тажикстандын борбору Дүйшөмбүнүн түштүк-чыгыш тарабындагы Вахдат шаарындагы күчөтүлгөн режимдеги түрмөсүндө абакта отурган Ислам мамлекети уюмунун мүчөлөрү көтөрүлүш уюштурушкан деп жазат чет элдик басылмалар.

19-май күнү кечки саат 20:30да абактагы ислам мамлекети уюмунун мүчөлөрү көтөрүлүп, тынчтанууга чакырган түрмө кызматкерлеринин үчөөсүн өлтүрүп коюшкан.
“Андан сырткары абактагылар өз ара урушуп, пикир келишпестиктен улам соттолгон 8 адамды өлтүрүп коюшту, 30 дай соттолгондор бычак жана башка кесүүчү буюмдар менен куралданып алышкан” деп айтты Тажикстандын юстиция министринин орун басары Мансуржон Умаров.

Соттолгондор абактан чыгарууну талап кылышкан.
Тажикстандын юстиция министрлиги маалымдагандай “Окуяны жөнгө салууда чечкиндүү иш-чаралар көрүлдү”.

Учурда кырдаал көзөмөлдө экени айтылып, тергөө органдары бул окуя боюнча тергөө иштерин улантышууда. Вахдаттагы күчөтүлгөн режимдеги абакта 1500 соттолгондор отурганы белгилүү болду.