Без рубрики

Террорго катышкан жана шектүүлөр Кыргызстан жарандары болуп чыкты

Украинада террордук чабуул уюштуруу үчүн шектүү катары кармалгандардын экөөсү Кыргызстандын жараны экени анык болду

Сурактын жүрүшүндө алар паспортторду Москвадан алышканын жана Ингушетияда жогорку мамлекеттик кызматта иштегенин айтышкан. Украина коопсуздук кызматы өлкө аймагында террордук чабуул уюштурмакчы болгон жети кишини кармаганын 17-апрелде билдирди.

Ошондой эле Украинанын коопсуздук кызматынын башчысы Василий Грицак жетөөнүн бири 1978-жылкы Орусиянын жараны Комаричев Алексей экенин тактады.
Генерал Грицак мына ушул экөөнүн жанынан башка аты-жөнү жазылган Кыргызстандын паспорттору табылганын билдирди. Украинанын атайын кызматынын расмий сайтына ал документтердин сүрөтү чыгарылды:

Биринчисинде паспорт 1983-жылы туулган Ломако Алексейге (Комаричев) 2015-жылдын 29-октябрында берилгени көрсөтүлгөн.

Экинчисинде болсо 1990-жылы туулган Кирик Русланга (Дзортов) 2016-жылдын 17-ноябрында берилгени көрсөтүлгөн.

Сурак учурунда тартылган видеодо шектүү Тимур Дзортов ал паспорттордун чоо-жайына кыскача токтолду:

«Бул документтер бизге Москвада, Тадж-Махал ресторанында берилген. Документ Кыргызстандын жараныныкы, паспорттогу сүрөт меники. Бирок мен Кыргызстандын эмес, Орусиянын жаранымын. Документтер калкалануу үчүн колдонулган. Биз Кыргызстандын Украинадагы элчилигине телефон чалдык. Консул Азамат Кабаев паспорттор Кыргызстандан берилген эмес деп жатат»»- деди Дзортов

«Биз адамдын персоналдык номери жана ошол паспорттун сериялык номери менен автоматташтырылган система аркылуу текшергенде бизде андай паспорттор берилбегендиги аныкталган. Бул кыргыз паспорттору эмес, жасалма деп эсептелет. Биз бул тууралуу украин тарапка маалымат бергенбиз», — деп түшүндүрдү консул.