Без рубрики

ТИМ ифтарда чыр чыгарган түрк элчиси боюнча үн катты

Түркия элчиси менен муфтияттын ортосундагы пикир келишпестиктер боюнча Тышкы иштер министри үн катты

Тышкы иштиер министрлиги Муфтияттын ифтарында түрк элчиси Жеңгиз Кемал Фырат менен болгон окуя жеке мүнөзгө ээ болгонун билдирди.

«2019- жылдын 8-май күнү түрк элчиси Жениз Кемал Фыраттын катышуусу менен болгон окуя алардын жеке мүнөзүнө ээ. Кыргызстан менен Туркиянын ортосунда болгон мамилеге эч кандай таасири тийбейт»- деп билдиришти.

Эске сала кетсек, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат 8-май күнү муфтияттын ооз ачаарында «Сапат» билим берүү мекемесинин директору Орхан Инандыны көрүп, ызы-чуу салып, чыгып кеткен. Түркия Кыргызстанга 35 миллион долларга мечит салып бергенин эскерткен элчи муфтиятты террористтерди конокко чакырганын айтып урушкан видео тасма социалдык тармакка тарап кеткен.