Все новости

Убактысынан мурда бир катар судьялар кызматынан бошолду

 Президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдиргендей, бир катар судьялар убактысынан мурда кызматынан бошотулду

Ош областык сотунун судьялары Абдрасул Шамшиев жана Назымбек Матраимов өз каалоолору менен ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунуш киргизгилен. Ошондой эле Судьялар кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясы судьянын кынтыксыздыгы боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Эрнис Чоткараев ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунуш киргизилген. Президент Сооронбай Жээнбеков Ош областтык сотунун судьяларын жана Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясын кызматтан бошотуу жөнүндө жарлыкка кол койду.