Без рубрики

Украинада Порошенкону башкы прокуратура суракка чакырды

Украинада президент Петр Порошенкону башкы прокуратура суракка чакырды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Порошенко «Евромайдан» окуясынын күбөсү катары суракка чакырышкан. Башкы прокуратуранын атайын иликтөө башкармалыгынын башчысы Сергий Горбатюк: «Бул кылмыш ишине өлкө башчы 2-чи ирет күбө катары чакырылды. Ошондой эле Петр Порошенкодон биринчи сурактагы протоколго кол коюушу күтүлүүдө. Сурак 7-май күнү саат 10:00дө болот деп», — билдирген.

Биринчи сурак 2016-жылдын ноябрь айында болгон. Бирок Петр Порошенко анда сурактын протоколуна кол коюудан баш тартканы маалым болгон.

Эскерте кетсек Украинада 30-апрелде президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы чыгып, Владимир Зеленский утуп алган.